Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:33

Бишкек соту ЖЭБ боюнча өкүмдү дээрлик өзгөртүүсүз калтырды


ЖЭБ боюнча айыпталуучулар. Жогорку катардагылар: Айбек Калиев, Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, Осмонбек Артыкбаев. Ылдыйкы катардагылар: Темирлан Бримкулов, Ольга Лаврова, Жолдошбек Назаров, Салайдин Авазов (солдон оңго карай).
ЖЭБ боюнча айыпталуучулар. Жогорку катардагылар: Айбек Калиев, Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, Осмонбек Артыкбаев. Ылдыйкы катардагылар: Темирлан Бримкулов, Ольга Лаврова, Жолдошбек Назаров, Салайдин Авазов (солдон оңго карай).

Бишкек шаардык соту Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) оңдоп-түзөөдөгү коррупцияга байланыштуу райондук соттун өкүмүн дээрлик күчүндө калтырды. Бул тууралуу «Азаттыкка» мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун жактоочусу Замир Жоошев билдирди.

Соттолуучулардын баарынын өкүмү ошол бойдон калды, болгону «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы башчысы Айбек Калиевдин абак мөөнөтү бир жылга кыскартылып, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевдин мүлкү камоодон чыгарылмай болду.

Ишти судья Ирина Воронцова жетектеген сот тобу карады.

2019-жылдын декабрында Свердлов райондук соту Сапар Исаковду 15 жылга кесип, мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратуу тууралуу өкүм чыгарган. Айбек Калиев да 15 жылга эркинен ажыратылган.

Мурдагы өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев 7 жыл 6 айга, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов 11 жыл 3 айга түрмөгө кесилген.

Калган айыпталуучулар жаза мөөнөтүн өтөп бүткөнү үчүн жана чыгымды төлөп бергени үчүн бошотулган.

Райондук судья «Электр станциялары» ишканасынын жетекчисинин мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров менен ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкуловду да күнөөлүү деп таап, аларга 2 жыл 6 айлык абак жазасын чектеген. Бирок тергөө абагында отурган убакытты эске алып, аларды сот залынан бошоткон.

Осмонбек Артыкбаевге 5 миллион сом, мурдагы финансы министри Ольга Лавровага 3 миллион сом айып салынган.

2018-жылы январь айында ЖЭБдеги авариядан соң Бишкек бир жума бою жылуулуксуз калган. Териштирүүдөн кийин оңдоп-түзөө иштеринде коррупция бар экени аныкталып, кылмыш иши козголгон. (RK)

XS
SM
MD
LG