Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:55

Теңгенин куну качууда


Нур-Султан шаары. 19 март, 2020-жыл.
Нур-Султан шаары. 19 март, 2020-жыл.

19-мартта Казакстандын Алматы жана Нур-Султан шаарларындагы көпчүлүк акча алмаштыруу түйүндөрү долларды сатууну токтотту. Бирок айрым күркөлөрдө доллар 471 теңгеден сатылууда.

Казакстандын фондулук биржасындагы эртең мененки соодада доллардын курсу 448,5 теңге деп көрсөтүлгөн. Бул бир күн мурдагы көрсөткүчкө салыштырмалуу дээрлик тогуз теңгеге көп.

Бейшемби күнү Казакстандын Улуттук банкы валюта рыногундагы туруксуздукка жол бербеш үчүн 19-20-мартта теңге менен доллардын соодасы алдын-ала жөнөтүлгөн өтүнүчтөрдүн негизинде жүргүзүлөрүн билдирди.

Казак бийлиги теңгенин курсуна таасирин тийгизген тышкы жагдайлар катары дүйнөлүк финансы рыногундагы өзгөрүүлөрдү, мунай баасынын төмөндөшүн жана орус рублинин арзандашын атады. Бир күн мурда Орусияда бир доллар 80 рублдан ашкан болчу. Учурда Кыргызстанда бир доллар 72,9 сомду түзүп жатат.

XS
SM
MD
LG