Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:45

Абылгазиев: Азык-түлүк баасын тескөө боюнча буйрук чыкты (видео)


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Премьер-министр Мукаммедкалый Абылгазиев ун, нан, кумшекер, өсүмдүк майы баштаган 11 өнүмдүн баасын тескөө боюнча буйрук чыгарды. Премьер-министр бул тууралуу 16-мартта уюштурган брифингде билдирди:

«Бүгүнтөн баштап Монополияны жөнгө салуу боюнча агенттик ун менен нандын баасын аныктоо боюнча ишти бүткөрөт. Чектөө киргизебиз. Ошол койгон чектен ашырып саттырбоо боюнча.... Ал кызмат ун жана нандын баасы аймактарда канча, Бишкекте канча болуш керек - аныктап чыгат», - деди премьер-министр.

Дүйнөдө тарап жаткан коронавируска байланыштуу акыркы эки күндө Кыргызстандын базарларында азык-түлүк сатып алууну каалагандар көбөйгөн. Буга байланыштуу ун, шекер сыяктуу азык-түлүк кымбаттаганы байкалган. Кыргыз өкмөтү коронавирус илдетине байланышкан кырдаалды пайдаланып, кызыл кулактык кылып жаткандар жаза тартарын эскерткен. (BkA)

XS
SM
MD
LG