Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:30

Иранда коронавирустан 611 киши өлдү


Өрт өчүргүчтөр Тегеранды дезинфекциялап жатат.
Өрт өчүргүчтөр Тегеранды дезинфекциялап жатат.

Бир күн ичинде Иранда COVID-19 вирусунан каза тапкандар 97 адамга жетти. Ушуну менен өлкөдө жаңы вирустан өлгөндөрдүн саны 611 адамды түздү.

Ирандын Саламаттык сактоо министрлиги 12 729 адамга оору жукканын кабарлады. 13-мартта Тегерандын көчөлөрүн аскерий күчтөрдүн жардамы менен тазалашты. Өлкөдө карантиндик режим уланууда.

12-мартта Иран Эл аралык валюта корунан вирус менен күрөшүү үчүн 5 миллиард доллардык насыя алды. Тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф АКШ президенти Дональд Трамптан Иранга каршы коюлган экономикалык санкцияларды токтотууну талап кылды.

Анын айтымында, бул чектөөлөрдүн айынан өлкөгө дары-дармек, медициналык каражаттарды алып келүү мүмкүн болбой жатат.

АКШдагы Жон Хопкинс университетинин маалымат базасы көрсөткөндөй, дүйнөнүн 114 мамлекетинде бул илдетти жугузуп алгандар 137 миңден ашты. Вирустан баш-аягы 5 миң киши көз жуумп, 70 миңдей адам айыгып чыкты. Борбор Азиядан Казакстанда алты кишиден вирус табылды. Кыргызстанда 1 миң 545 киши жугуштуу вируска карата текшерүүдөн өтүп, алардан илдет аныкталган эмес. (BCh).

XS
SM
MD
LG