Бир ай мурун Казакстандын Кордой районунда улут аралык жаңжал болгон. Дунгандар жашаган Масанчы айылында 150 адам жарат алып, 11 адам көз жумган. Турак үйлөр, дүкөндөр жана автоунаалар өрттөлгөн. Жаңжалдан жабыр тарткан тургундар окуянын кырк күндүгүн өткөрүүгө даярданып жатышат. Бирок бийлик али да жабырлануучуларга убада кылынган кенемтени төлөп бере элек. Масанчиде жашоо кандай ыргакта уланып жатат?