Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 10-мартта өлкөнүн ички валюта базарындагы абалды талкуулаган жыйын өткөрдү.
Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлагандай, дүйнөлүк рыноктогу абалга байланыштуу Кыргызстандын каржы-насыя мекемелеринин ишинин туруктуулугун камсыз кылуу, улуттук валютанын алмаштыруу курстары кескин өзгөрсө тийиштүү чара көрүү, макроэкономикалык туруктуулукту жана экспортко өндүрүм жөнөтүү деңгээлин кармап турууну камсыздоо маселелери талкууланды.
Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов бүгүнкү күндө тышкы валюта базарындагы олку-солку абалга Кыргызстандагы коммерциялык банктардын «кадимки реакциясы» байкалып жатканын билдирип, улуттук валютанын курсун кескин өзгөрүүлөрдөн кармап туруш үчүн жетиштүү резерв бар экенин кошумчалады.
Кыргызстандын Улуттук банкы 10-мартта валюталык интервенция жасап, 53,7 миллион АКШ долларын (анын 4,0 миллиону нак акча түрүндө) сатыкка чыгарды. Бул тууралуу маалымат банктын расмий сайтына чыкты.
Ушул эле күнү Кыргызстанда доллар дароо кымбаттады. Өлкөдөгү коммерциялык банктардын расмий сайттарындагы маалыматка караганда, бир доллардын курсу дээрлик үч сомго жогорулады.
Мисалы, «Demir Bank» 72,85 сомдон сатып алып, 72,95 сомдон сатууда. KICB 72,90 сомдон сатып алып, 73 сомдон сата баштады.
Эртең менен 1 АКШ доллары 69,85-69,95 сомдун тегерегинде болчу.
Улуттук банктын расмий сайтында доллар 69,85 сом бойдон турат. (RK)