Коронавирус дүйнөлүк фондулук биржаны 8% жакын ылдыйлатты. Жалпысынан 2000 көрсөткүч боюнча артка кетүү байкалып, натыйжада ал 7,8% ылдыйлады. Мындай көрсөткүч 2008-жылы 9-мартта болгон.
Мунайдын арзандашы 2006-жылдагы көрсөткүчкө чейин түштү. Дүйнөлүк биржалардагы баалардын бир күндүк ылдыйлашы 1991-жылдагы көрсөткүчтү кайталады.
АКШ президенти ишкерлерге жеңилдик бериш үчүн салыктын өлчөмүн арзандатууга аргасыз болду.
Бул кризистин айынан орус рубли 30%, казак теңгеси 10% арзандады. Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин мамлекеттик компанияларга чет элдик валюталарды сатып алууга тыюу салды.
Учурда дүйнө жүзү боюнча коронавируска кабылгандардын саны 114 миңден ашты. 4 миңден ашык адам каза болду. Анын ичинен Иранда илдетке кабылгандардын саны 7100 адамга жетип, 237 адам көз жумду. (YI)