Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:14

Караколдо аялдарга карата зомбулукка каршы акция өттү


Каракол шаары. 10-март, 2020-жыл.
Каракол шаары. 10-март, 2020-жыл.

Каракол шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы борбордук аянтта Бишкек шаарында уюштурулган митингди колдогондордун акциясы өттү. Акцияга чыккан он чакты кыз-келин аялдардын жана эркектердин тең укуктуулугун жактап, зомбулукка каршы пикирин билдирди.

«Караколдо туулуп-өскөм. Азыр Алматыда жашайм, Караколго жеке иштерим менен келип, 8-мартта Бишкекте аялдарга карата зомбулукту көрүп, жеке өзүм нааразылык акциясына чыгууну ойлондум. Социалдык тармактарга жазсам, максатыбыз бир болгон айымдар мени колдоп бул жакка келишти. Биздин максат - зомбулукка жол бербөө», - деди акциянын катышуучусу Миргүл Өмүрзакова.

Акцияга чыккандар менен Каракол шаарынын вице-мэринин милдетин аткаруучу Рыспек Кыштобаев жолукту. Ал уюштуруучуларды мыйзамдуулукка үндөдү.

10-мартта Бишкекте аялдардын укуктарын коргоого арналган тынч акция өттү. Ага, уюштуруучулардын айтымында, миңге жакын адам катышты. Милиция катышуучулардын саны 250-300 болгонун билдирди.

Акцияга 8-мартта аялдардын зомбулукка каршы жүрүшүнө чыккандарга жасалган чагым себеп болду. Ал күнү иш-чаранын уюштуруучуларына бет кап жана калпак кийген эркектер тобу кол салган. Бир нече аял да келип, акцияга каршылыгын билдирген. (KS)

XS
SM
MD
LG