Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:56

10-мартта Бишкекте аялдар укугуна арналган жана үй-бүлөлүк зомбулукка каршы тынч митинг болот


8-марттагы акциянын катышуучуларын кармоо учуру. Бишкек. 2020-жыл.
8-марттагы акциянын катышуучуларын кармоо учуру. Бишкек. 2020-жыл.

Акция Уркуя Салиевага арналып тургузулган эркиндик монументинин алдында өтөт. Уюштуруучулардын маалыматына караганда, тынч митингде 8-марттагы маршты үзгүлтүккө учуратып, анын катышуучуларына кол салгандарга каршы пикирин билдирүүнү каалагандар катыша алат.

8-март күнү Бишкекте «Аялдардын тилектештик жүрүшү» өтмөк. Бирок аны калпак кийген беткапчан белгисиз кишилер келип уюштуруучулардын баракчаларын айрып, чыр чыгарып үзгүлтүккө учураткан. Андан соң милиция уюштуруучуларды кармап кеткен. Түшүнүк кат жазгандан кийин демилгечилер коё берилген.

Бул окуяны жарандык активисттер, укук коргоочулар сындап чыгышты. «Сорос» фонду марштын уюштуруучуларына карата милициянын аракетин айыптады. Өкмөт башчынын басма сөз кызматы милиция кагылыштын алдын алды деп билдирген. (ZKo)

10-марттагы тилектештик акциясына чыгууга чакыргандардын бири Азим Азимов менен маекти угуңуз:

Азимов: намыс үчүн акцияга чыгабыз
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:22 0:00

XS
SM
MD
LG