7-мартта Ирандын медиа каражаттары коронавирус жуктурган парламенттин депутаты каза болгонун маалымдашты. 6-мартта каза болгон депутат Фатеме Рахбар парламентке Тегерандан шайланып келген.
Иран – Кытайдан кийинки коронавирус көп аныкталган өлкө болууда. 7-марттагы маалыматка ылайык, азыркы учурда 5823 адам өпкөнү сезгенткен вирус жуктурса, илдеттен 145 киши көз жумду.
Иранда коронавирустан бир нече аткаминер каза болду. Вице-президент Масуме Эбтекар жана саламатык сактоо министринин орун басары Ираджа Харирчи жана жыйырмадан ашык парламент депутатынан вирус аныкталды.
Иранда мектеп, жогорку окуу жайлар жабылып, маданий, спорттук жана башка иш-чаралар токтотулду.