Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:41

Коронавирустан улам Италияда бардык окуу жайлары жабылды


Италиядагы беткапчан аял. Милан, 4-март, 2020-жыл.
Италиядагы беткапчан аял. Милан, 4-март, 2020-жыл.

Италиянын бийлиги 107 адамдын өмүрүн алган коронавирус коркунучунан улам 4-марттан тартып мектеп жана университеттерин 10 күнгө жапты. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты. Илдеттин таралышын токтотуу чаралары бир күн мурун өкмөттө талкууланган.

Мурдараак Италия бийлиги илдет көп катталган аймактардагы окуу жайларын гана жапкан болчу.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына караганда илдеттин жайылуу ылдамдыгы боюнча Италия Иран жана Түштүк Корея менен бир катарда турат. Учурда бул өлкөдө коронавируска кабылган адамдардын жалпы саны 3100 адамдан ашты.

Дүйнө боюнча жугуштуу илдетке кабылган 95 миң адамдын ичинен 3 200 киши каза болду. Илдет тараган өлкөлөрдүн саны 80ге жетти.

Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюму вирустун таралуусу өзүнүн эң бийик чегине али жете элек экенин билдирүүдө. (YI)

XS
SM
MD
LG