Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:02

Кыргызстанда саясий репрессияларга каршылык комитети түзүлдү


Адил Турдукулов.
Адил Турдукулов.

Бул туурасында «Азаттыкка» комитеттин негиздөөчүсү Адил Турдукулов билдирди. Анын маалыматына караганда, өлкөдө бардык президенттердин тушунда бийлик оппозициялык көз караштагы жарандарды репрессиялап, кысым көрсөтүш үчүн сотторду, күч органдарын, кол бала маалымат каражаттарын, ал түгүл криминалды пайдаланып келген.

Билдирүүдө «тилекке каршы, азыркы бийликтин убагында да көрүнүш өзгөргөн жок. Парламенттик шайлоонун алдында саясатчылар, жарандык активисттер, журналисттер, блогерлер түрдүү кол салууга, камоого, маалыматтык чабуулдарга кабылып жатышат. Аларга көп миллиондогон соттук доолор коюлууда. Буга каршы туруш үчүн биз «Саясий репрессияларга каршылык комитетин» түздүк» деп жазылат.

Комитет саясий туткундардын, сот адилетсиздигинен жапа чеккендердин жана өзүнүн жарандык ишмердиги үчүн куугунтук жегендердин укуктарын, мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоп бермекчи.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда Кыргызстанда “Саясий туткундарды коргоо комитети" түзүлгөн. (ZKo)

XS
SM
MD
LG