Кой-Таш окуясы боюнча сот башталды
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев камалып, бир аскердин өлүмү менен аяктаган Кой-Таш окуясы боюнча баштапкы соттук жыйын өттү. Ага бул иште шек саналып жаткан 14 айыпталуучунун бары тең катышты. Андан тышкары дагы беш киши тергөө менен кызматташууга баргандыктан алардын иши өзүнчө каралууда.