Бишкектин Ала-Тоо аянтында өтүп жаткан митингде камактагы экс-депутат Садыр Жапаровдун тарапкерлери тарабай жатышат. Буга чейин саясатчынын агасы Сабыр Жапаров митингдин талабына президенттик аппарат үч күндөн жооп берерин айтып, чогулгандарды тароого чакырды.
Бирок митингдин айрым катышуучулары мындай сунушка көнбөй, Жапаров эркиндикке чыкмайынча тарабай турганын айтышууда.
Учурда нааразылык акциясы уланып жатат. Чыгып сүйлөгөндөр президент Сооронбай Жээнбековду Садыр Жапаровго ырайым берүүгө чакырууда.
Буга чейин Ички иштер министрлиги митинг учурунда мыйзамга каршы иш кылып, абалдын туруктуулугун бузууга аракеттенгендер катуу жазага тартыларын эскерткен.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садыр Жапаров Кумтөр маселесине байланыштуу өкмөткө каршы чакырыктары менен белгилүү болгон. Ал «2013-жылы Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айыптын негизинде 2017-жылы кармалган.
2019-жылы Жогорку сот Садыр Жапаровду он жылга кескен. Буга чейин Жапаров президентке ырайым сурап кайрылган болчу. Президент Сооронбай Жээнбеков бул маселеге мыйзамга ылайык чечилерин билдирген. (BkA)