АКШнын Мамлекеттик департаменти оогандарды президенттик шайлоодон кийинки талаш-тартышты «зордук-зомбулуксуз», конституциялык жол менен чечүүгө чакырды.
18-февралда Ооганстандын көз каранды эмес шайлоо комиссиясы шайлоодо азыркы президент Ашраф Гани жеңгенин жарыялаган. Бул өлкөдө президенттик шайлоо 28-сентябрда өткөн.
Вашингтон ооган бийлигинин Ганинин инаугурациясын эки жумага жылдыруу тууралуу чечимин колдой турганын билдирди. Кабул өкмөтү «Талибан» кыймылы менен «улуттук планын» макулдашууга эки жума кетерин билдирген.
НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг өз билдирүүсүндө «бардык ооган саясий күчтөрүн өлкөдө чыңалууну күчөтүп, туруктуулукту буза турган иштерден оолак болууга» чакырган.
«Бул маалда бардык саясий күчтөр чогулуп, жалпы ооган элинин мүдөөсүн орундатыш үчүн сүйлөшүүгө отурушу зарыл», деп айтылат анын билдирүүсүндө.
Кызматтан кетип жаткан Бириккен өкмөттүн башчысы Абдулла Абдулла шайлоону атаандашынын командасынын тапшырмасы менен «жапырт уурдоо жана мыйзам бузуу» аркылуу өттү деп сындады.
Абдулла 20-февралда: «Биз шайлоону толук жеңгендиктен бардык саясий күчтөрдү камтыган өкмөт» түзөбүз деп «Твиттерге» жазган.