Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:05

Кесиптик кошуун өкүлдөрү жетекчисине нааразы


Акциянын катышуучулары. 25-февраль, 2020-жыл.
Акциянын катышуучулары. 25-февраль, 2020-жыл.

Бишкекте 25-февралда Кесиптик кошуундар федерациясынын жетекчиси Мирбек Асанакуновдун кызматтан кетишин талап кылган акция өттү. 

Акциянын катышуучулары Асанакуновго «кызмат ордун мыйзамсыз ээлеп турат» деген доомат коюп, иш бөлмөсүн бошотушун талап кылышты.

Уюштуруучулар нааразылык акциясына кесиптик кошуундардын 200дөй мүчөсү чыкканын кабарлашты.

Алар алгач Кесиптик кошуундар федерациясынын имаратынын алдына чогулуп, андан соң талаптарын Жогорку Кеңештин алдына келип айтып жатышты. Алардын бири, Жалал-Абад шаарынын тургуну Бактыгүл Аалиева буларды айтты:

Эмнеге бийликтегилер чыгып жооп беришпейт?

«Мындай митинг биринчи жолу болуп жаткан жери жок. Эмнеге бийликте иштегендер чыгып жооп беришпейт? Депутаттар деле эл алдына чыгып коюшпайбы. Тескерисинче алар Асанакуновду коргоп жатышат. Бизге мындай депутаттардын кереги жок».

Чогулгандар Кесиптик кошуундар федерациясынын жетекчиси Мирбек Асанакуновдун кызматын тапшырып, иш бөлмөсүн бошотуп кетишин талап кылышты. Федерациянын жаштар кеңешинин төрагасы Элдияр Карачаловдун айтымында, февраль айынын башында кесиптик кошуундун кеңешинин мүчөлөрү чогулуп Мирбек Асанакуновду кызматтан кетирүү жөнүндө чечим кабыл алышкан.

«Биз Асанакуновдун кызматтан кетишин талап кылып жатабыз. Ал Кесиптик кошуундар федерациясынын кеңешинин чечимин аткарышы керек. Анткени 5-февралда кеңештин 19 мүчөсү чогулуп чечим кабыл алган. Буга Асанакуновдун эмгек стажы жетишсиз экени себеп болгон. Биринчи май райондук соту менен Бишкек шаардык соту муну тастыктап чечим чыгарган. Бирок Жогорку сот бул маселени карап, «биз көз каранды эмес уюмдун маселесин карай албайбыз, кеңеште өзүңөр чечкиле» деп кеңеш берген. Эми минтип кеңеш чечим кабыл алса, аны Асанакунов тааныбай жатат», - деди Карачалов.

Ачкачылык жарыялап жаткан аялдар.
Ачкачылык жарыялап жаткан аялдар.

Асанакуновдун иштен кетишин талап кылгандардын арасында ачкачылык жарыялап жаткандар да бар. Ушул тапта федерациянын имаратында үч аял наар албай отурат. Алардын бири, Бишкек шаарынын тургуну Динара Ракымбаеванын айтымында, алар ачкачылыкты 24-февралда башташкан.

«Менин эжем менен жездем ушул кесиптик кошуунда көп жылдар бою иштешкен. Асанакунов алардын айлыгын бербей, мыйзамсыз иштен алып койду. Алар эки жылдан бери эмгек акысын ала албай жүрүшөт. Мен ошолорду жактап жүрөм. Асанакунов жумуштан кетмейинче, эжем менен жездемдин эмгек акысы төлөнмөйүнчө мен ачкачылык жарыялаганымды токтотпойм», - деди Ракымбаева.

Мирбек Асанакуновдун кызматта отурушуна нааразы болгондор бир жылдан бери байма-бай нааразылыгын билдирип келатышат. Алар бирде Асанакуновго жасалма документтер тууралуу доомат койсо, бирде «федерациянын мүлкүнө байланышкан жеке кызыкчылыктары бар» деп күнөөлөшөт.

5-10 адамды чогултуп алып чечим чыгарышса мыйзамдуу боло береби?

Нааразы тараптын Мирбек Асанакуновго карата жазган арызын алгач Биринчи май райондук соту, андан соң Бишкек шаардык соту карап, алардын пайдасына чечим кабыл алган. Бирок Жогорку сот быйыл январь айында райондук жана шаардык соттун чечимдерин жокко чыгарган. Ошондуктан Мирбек Асанакунов нааразы тараптын жүйөлөрүн негизсиз деп эсептейт. Ал эми кеңештин мүчөлөрү «кызматтан четтетүү тууралуу» чыгарган чечимин мыйзамсыз деп эсептей турганын айтып, аны мындай түшүндүрдү:

«Негизсиз талаптарды коюп жатышат. Мен «бардыгы мыйзам чегинде болсун» деп айтып жатам. Алар өткөргөн кеңеште кворум болбоптур. Анан 5-10 адамды чогултуп алып чечим чыгарышса мыйзамдуу боло береби? Анда эмнеге меники мыйзамсыз болуп калышы керек? Мен да укугумду коргошум керек».

Нааразы тарап «Кесиптик кошуундар жөнүндө» мыйзам долбоорунун кабыл алынышына да каршы чыкты.

Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев түзүлгөн кырдаал тууралуу мындай деди:

Таабалды Тиллаев.
Таабалды Тиллаев.

«Кесиптик кошуундар федерациясына реформа керек. Азыр башаламан болуп жатат. Уставы союздан калган боюнча жаңылана элек. Анда 20 киши бардык маселени чече турган укукка ээ. Алар өз иши тууралуу эч кимге отчёт бербей жүргөн. Бул маселени иретке келтириш үчүн мыйзам долбоору иштелип чыккан. Ал Жогорку Кеңеште экинчи окуудан өттү. Мына ушул мыйзамдын аткарылышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүлгөн. Анын төрагасы менмин. Азыр иш алып барып жатабыз. Мунун негизинде азыркы комитеттин жетекчилеринин көптөн берки катып жүргөн жаралары ачыкка чыгып жатат. Ошондуктан учурда болуп жаткан митингдер дейбизби же башаламандыкпы, ошол жетекчилердин жоопкерчиликтен качуу, коомчулуктун башын айландыруу аракеттери болуп жатат».

Мирбек Асанакунов Кесиптик кошуундар федерациясынын төрагалыгына 2017-жылдын 16-январында шайланган.

Кесиптик кошуун - жарандардын ыктыяры менен түзүлгөн коомдук негиздеги көз каранды эмес бирикме. Кесиптик кошуундар өз ишмердиги боюнча жумуш берүүчү тараптарга жана мамлекеттик бийлик органдарына баш ийбейт. Бул уюмдардын каржылык ишмердигин Эсеп палатасы жылына бир жолу текшере алат.

1990-жылы кайрадан уюштурулган Кыргызстандын Кесиптик кошуундар федерациясына 20 тармактык, алты аймактык кошуун кирет.

Кесиптик кошуундагы «көкбөрү»

Кесиптик кошуундар темасы «Азаттыктын» «Арай көз чарай» берүүсүндө да талкууланды. Талкууга Кесиптик кошуундар федерациясынын төрагасынын орун басары Жээнбек Осмоналиев, Илим, билим кызматкерлеринин борбордук кесиптик кошуун комитетинин төрагасы Асылбек Токтогулов жана профсоюз активисти Абдыжапар Аккулов катышты.

«Азаттык»: - Жээнбек мырза, Кесиптик кошундар федерациясында бир жылдан бери каршылашуу уланууда. 25-февралда федерациянын жетекчиси Мирбек Асанакуновдун кызматтан кетишин талап кылган акция да өттү. Маселенин мынчалык узак убакыттан бери чечилбей жатышынын себеби эмнеде?

Жээнбек Осмоналиев: - Ири алдыда Кесиптик кошуундар федерациясы – бул коллегиалдуу орган. Кесиптик кошунга тиешелүү ар бир чечим коллегиалдуу түрдө кабыл алынат. Анын төрагасы жалгыз чечим кабыл алганга акысы жок.

Бүгүнкүгө чейин уланып келаткан маселенин өзөгү Кесиптик кошундар федерациясынын төрагасынын тагдыры, ал кызматка кантип келген, кантип шайланган деген жагдайдын тегерегинде болууда. Ачык айтканда төраганы кызматтан алуу маселеси. 2017-жылы Кесиптик кошундар федерациясынын президиумунун 29 мүчөсү бир добуштан Мирбек Асанакуновду төрага кылып шайлаган. Бүгүнкү маселе – ошол адамдардын Мирбек Аскеровичти кызматтан алуу чечими канчалык мыйзамдуу же мыйзамсыз болгондугунда. Мыйзам боюнча төраганы кызматтан алыш үчүн 29 адамдын үчтөн экиси чогулушка катышуусу керек эле, натыйжада кворум болбой калган.

«Азаттык»: - Асылбек мырза, акциянын катышуучулары «Асанакунов кызмат ордун мыйзамсыз ээлеп турат» дешсе, өзү «мыйзамдуу отурам» деп жатат. Сиздин баамыңызда чындык кайда?

Асылбек Токтогулов: - Албетте, «Кесиптик кошуундар федерациясы жарандардын укугун коргоонун ордуна өз укугун коргой албай жатат» деп коомдо сөз болуп жатканы биздин уюмга аброй алып келбейт. Кесиптик кошуунга байланыштуу маселе бүгүн эле чыга калган жок, көптөн бери келаткан жара болчу. Ошол 29 адамдын ичинде келишпестиктер өкүм сүрүп келди. Федерация чече турган маселелерди деле «чечип бергиле» деп, «өкмөткө, прокуратурага кайрылалы» деп башкалардан жардам сурап отурдук. Ошонун кесепетинен уюмдун ичинде ички ишенбестик күчөдү. Акыркы убакта кесиптик кошуунга сырткы күчтөрдүн таасири көбөйдү. Уюмдун лидери чыныгы демократиялык принциптерди сактаганда, жетекчилердин башын кошуп, маселелерди талкуулап, кеңешүү жолу менен чечкенде бүгүнкүдөй кырдаал жаралмак эмес.

«Азаттык»: - Абдыжапар мырза, кесиптик кошундагы «чубактын кунундай чубалган чуу» кесиптик кошундардын жергиликтүү уюмдарына, жалпы эле коомчулукка кандай таасир тийгизүүдө? Дегеле эки жакты угуп көргөндө, маселенин учугун сиз кайдан көрөсүз?

Абдыжапар Аккулов: - Мен аймактагы чоң жамааттагы кесиптик кошуунду 15 жыл жетектедим. Баштапкы уюмдар – кесиптик кошуундардын негизги таянычы. Мындан бир топ жыл илгери, кыймылдын абройлуу лидери Эмилбек Абакиров «профсоюз жардын башына келип калды, андан ары куласак турушубуз кыйын болот» деп айтты эле. Кесиптик кошуундар өз лидерлерин дайыма легитимдүү шайлап келишкен. Бийликтин кийлигишүүсү болдубу, айтор азыркы төрага Мирбек Асанакуновдун шайланышынан бери көп суроолор жаралып келатат. Федерациянын жетекчилигинде ачыктык жок экендиги да көп айтылат. Бир кезде бир добуштан шайлап алгандардын көбү кайра төрагага каршы чыгып жатканы көптү айтып турат.

Талкууну толугу менен бул жерден көрүңүз:

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG