Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:03

Окуучулар социалдык көйгөйлөрдү чечүү үчүн долбоорлорду даярдашты


Долбоордун катышуучулары.
Долбоордун катышуучулары.

Бишкекте "Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар" демилгесинин алкагында социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган долбоорлордун сынагы өттү. Сынакка Бишкек шаарындагы бир нече мектептин окуучулары катышкан. Бул тууралуу "Азаттыкка" уюштуруучулардын бири, ЮНИСЕФтин өкүлү Гүлжигит Эрматов билдирди.

"Бул демилгенин алкагында балдар шаардагы көйгөйлөрдү чечүү үчүн атайын долбоорлорду даярдап, азыр ошолорду жактап жатышат. Алар үй-бүлөдөгү зомбулук, ыңгайлуу билим алуу, абанын булганышы өңдүү көйгөйлөрдү көтөрүшүүдө. Сынакка 17 команда катышып жатат. Сынактын жыйынтыгында мыкты долбоорлор тандалып, аларды ишке ашыруу үчүн атайын каражат бөлүнөт", - деди Гүлжигит Эрматов.

"Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар" демилгеси ЮНИСЕФ жана "Эл аралык толеранттуулук үчүн" фонду менен биргеликте, БУУнун Тынчтыкты куруу фондунун каржылык көмөгү менен ишке ашырылып келатат. (GT)

XS
SM
MD
LG