Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:05

Иранда парламенттик шайлоо өтүп жатат


Тегерандагы добушкана. 21-февраль, 2020-жыл.
Тегерандагы добушкана. 21-февраль, 2020-жыл.

Иранда парламенттик шайлоо өтүп жатат. Ашынган консерватор динаятчылардан турган Сакчылар кеңеши бардыгы болуп 7 миң 148 талапкерди жактырган. 290 орундуу парламентке ат салышмакчы болгон 9 миңдей кишинин талапкерлиги четке кагылды. Алардын арасында азыркы 90 депутат бар. Көбү байистүү же реформачыл мыйзам чыгаруучулар катары белгилүү.

Добуш берүүнүн алдында Кошмо Штаттар Сакчылар кеңешинин 5 мүчөсүнө санкция салды. Мамлекеттик департаменттин Иран боюнча өкүлү Брайан Хук талапкерлерди четтетүү менен «Иран эли эркин жана калыс шайлоо» укугунан ажыратылганын айтты.

Добушканалар жергиликтүү убакыт боюнча эртең мененки саат 8де ачылып, кечки 6да жабылмакчы. Бир жумага созулган шайлоо өнөктүгү 19-февралда аяктаган.

XS
SM
MD
LG