Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:04

Адвокат Жулиан Ассанжга Ак үйдөн сунуш түшкөнүн айтты


Жулиан Ассанж Лондондогу сотто. 20-декабрь, 2019-жыл.
Жулиан Ассанж Лондондогу сотто. 20-декабрь, 2019-жыл.

«Викиликстин»​ негиздөөчүсү Жулиан Ассанж Лондондогу сотто Орусиянын 2016-жылкы шайлоодогу ролун танса, анда Дональд Трамптын администрациясы ага ырайым берүүнү сунуш кылганын айтууда. Бул тууралуу Ассанждын адвокаты билдирди.

Адвокат Эдвард Фицжеральддын сөзүнө караганда, Трамптын администрациясы эгер Ассанж 2016-жылкы шайлоодо Демократиялык партиянын серверинен уурдалган каттарга Орусиянын эч кандай тиешеси жок десе, анда Ак үй ага ырайым берерин ортомчу аркылуу айттырган.

Ак үйдүн басма сөз катчысы Стефани Гришам "бул караманча калп" деп билдирди.

Ассанж былтыр Лондондо Кошмо Штаттардын өтүнүчү менен кармалган. Тыңчылыкка айыпталган австралиялык жаранды Вашингтон 2010-жылдан бери экстрадициялоого аракеттенип жатат.

19-февралда алдын-ала өткөн соттук отурумда адвокат 2017-жылы республикачылардын конгрессмени Дана Рорабахер Лондондогу Эквадордун элчилигинде бекинип отурган Ассанжга жолугуп кеткенин билдирди.

Ассанж шаршембиде Англиядагы Белмарш түрмөсүндө отурган жеринен Лондондогу сотко видео байланыш аркылуу катышты. Кийинки аптада сот Ассанжды АКШга экстрадициялоо жөнүндө чечим кабыл алса, анда 48 жаштагы Австралиянын жараны Кошмо Штаттарда 175 жылга чейин кесилиши мүмкүн.

XS
SM
MD
LG