Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:46

Базар-Коргон менен Ноокендин акимдерине ишин тапшыруу сунушталып жатат


Базар-Коргон району.
Базар-Коргон району.

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон жана Ноокен райондорунун акимдерине жумушун тапшыруу боюнча сунуш берилген. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 20-февралындагы жыйынында депутат Зиядин Жамалдинов билдирди. Ал өкмөттө кадрдык алмашуу бат жүрүп жатканын сынга алып, жогорудагы эки райондун акимдерин арыз жаздырып, иштен кетирүү аракети болуп жатканын кошумчалады.

«Бул алдыдагы парламенттик шайлоого карата болушу мүмкүн, анткени 2019-жылдын көрсөткүчтөрү боюнча жакшы иштеген район башчыларын колдоонун ордуна аларды иштен алганы жатат. Бул туура эмес», - деген депутат өкмөттүн парламенттеги өкүлүнөн маселени көзөмөлгө алып коюуну суранды.

Ноокен районунун акими Эркин Маматаев өкмөттө анын кызмат орду каралып жатканы тууралуу маалыматтар айтылып жатканын «Азаттыкка» ырастады. Базар-Коргон районунун акими Айбек Бегимкулов ушул тапта эмгек өргүүсүндө жүрөт. Ал башка жактан жумуш сунушталып жатканын айтып, анын да кызмат орду каралып жатканын бышыктады. Өткөн айда эле өкмөттүн Жалал-Абаддагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеп турган Кыянбек Сатыбалдиев да кызматын тапшырып, ордуна Нурболот Мирзахмедов дайындалган. Өкмөт азырынча бул багытта комментарий бере элек. (RsK)

XS
SM
MD
LG