Кыргыз өкмөтү Ат-Башыда логистикалык борбордун курулбай калышына нарындыктарга сырттан таңууланган, алардын кызыкчылыгына каршы келген пикирлер себеп болду деп эсептейт. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 19-февралда ишкерлик түзүмдөрдүн жана донор уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушууда айтты.
Өкмөт башчы белгилегендей, мындай пикир жалган, ушак жана фейк маалымат таратуу аркылуу кызуу жайылтылды:
- Эмнегедир социалдык түйүндөрдө жеңил ойго, жеңил иштерге бара турган көрүнүштөр абдан басымдуу болду бул жерде.
«Мындай ири инвестордун кетишине биринчи кезекте ири долбоорлорду экономиканын флагманы кылуунун ордуна коррупциянын уюгуна айлантып, мурда кабыл алынган, өлкөнүн кызыкчылыгына чыккынчылык кылуунун, жаратылышты талкалоонун мисалы болуп калган чечимдерге карата элдин ишенбестиги түрткү болгонун өкүнүү менен билдиребиз. Ошол эле учурда жарандардын ою эске алынбай, жергиликтүү элдин кызыкчылыгы корголбой келген», - деп кошумчалады өкмөт башчы.
Өкмөт бүгүнкү кырдаал инвестицияны коргоо багытында жергиликтүү эл, эң оболу жаштар менен иштөөнүн айрым принциптерин кайра карап чыгуу зарыл экенин көрсөтүп жатканын билдирди.
Жергиликтүү элдин каршылыгынан улам Ат-Башы районуна 280 млн. доллар жумшалат деп жаткан логистикалык борбор курулбай калды. Борборду салганы жаткан «Ат-Башы кыргыз-кытай эркин соода аймагы» мындай чечимди 17-февралда кабыл алды. (RK)