Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:23

Баткен окуясы тууралуу тасманын сценарийине сынак жарыяланды


Баткен согушунда барымтага алынган жапон геологдорунун турак жайы. Баткен, 1999-жыл.
Баткен согушунда барымтага алынган жапон геологдорунун турак жайы. Баткен, 1999-жыл.

Төлөмүш Океев атындагы «Кыргызфильм» улуттук киностудиясы 1999-жылдын июль-ноябрь айларындагы Баткен окуясына арналган толук метраждуу көркөм тасма тартуу үчүн мыкты сценарийге сынак жарыялады. Бул тууралуу 19-февралда «Азаттык» радиосуна Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, сынак 20-мартка чейин өткөрүлөт.

Ага Кыргызстандын жараны болгон кесипкөй адистер (киночулар), жазуучулар, журналисттер жана адабиятчылар катыша алышат.

2019-жылы «Азаттык» радиосу 1999-2000-жылдары Кыргызстандын түштүгүндө болгон окуялар тууралуу «Баткен окуясынын актай барактары» аттуу беш бөлүмдөн турган даректүү тасма чыгарган.

«Өзбекстандын ислам кыймылынын» (ӨИК) террордук согушкерлери менен Кыргызстандын аскерлеринин 20 жыл мурдагы кагылышуусу «Баткен согушу», «Баткен окуясы», «Баткен коогалаңы» деген ат менен тарыхта калды. Анда 53 адам курман болуп, 130дан ашыгы жараат алган. (RK)

XS
SM
MD
LG