Кытай бийлиги ошол эле учурда жалпысынан 14 миңден ашык киши илдеттен сакайганын маалымдады. Ооруга чалдыккандардын саны 75 миңге чукулдады.
Оорунун жайылышы боюнча Хубэй провинциясы алдыда. Бул жерде 61,6 миңден ашуун киши вирусту жугузуп алган. Провинцияда 1921 киши көз жумду.
Кийинки орунда Гуандун провинциясы турат. Бул жерде вирус жугузгандардын саны 1,3 миңден ашты.
Борбор шаар Бээжинде оору 387 адамга жуккан, төртөө вирустан өлгөн.
Ушул тапта жалпы өлкө боюнча дарыгерлердин көзөмөлүндө 135 миңден ашуун адам турат. Алар оорулуу адамдар менен байланышта болгондор. Карантинде 5,2 миң киши бар. Дарыгерлердин айтымында ооруга чалдыккандардын ичинен 11,9 миң киши оор абалда.
Өпкөнү кагынткан илдетти жугузуп алгандар Кытайдан башка дагы 25 өлкөдө аныкталган. Алардын ичинде Орусия да бар.