Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:14

Түркмөнстанда мугалимдер жашыл калемсап колдонууга милдеттендирилди


Түркмөн парламентинин жыйынындагы жашыл калемсаптар.
Түркмөн парламентинин жыйынындагы жашыл калемсаптар.

Түркмөнстанда мектеп мугалимдеринен жашыл түстөгү окшош калемсап жана блокнот колдонуу талап кылынууда. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматынын кабарчысы билдирди.

«Бир катар мектептердин мугалимдеринен түркмөн шырдагынын оймо-чиймеси түшүрүлгөн жашыл түстөгү беш калемсап жана блокнот сатып алуу талап кылынууда. Мындай калемсаптардын ар бири 45 манаттан, блокноттор 50 манаттан сатылат», - деп билдирди кабарчы. Түркмөнстанда расмий курска ылайык, 3,5 манат 1 АКШ долларына барабар.

Буга чейин Түркмөнстанда эркек мугалимдер окшош такыя, аялдар улуттук көйнөктөрдү кийип жүрүүгө милдеттендирилген.

Өткөн жумада мамлекеттик телеканалдар өлкө президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун парламент депутаттары менен болгон жолугушуусун көрсөтүшкөн. Анда залда отурган аткаминерлердин жашыл түстөгү калемсап менен жашыл блокнотторго жазып отурушканы байкалган.

XS
SM
MD
LG