Элайымдын тоодой максаты
Нарын шаарындагы тоо лыжа боюнча спорт мектебинин түптөлгөнүнө 20 жылдан ашып калды. Лыжа тебүүгө кызыгып, такай машыккандардын саны алтымышка чамалайт. Алардын бири Элайым Дүйшөбаева жети жылдан бери машыгып келатат. Лыжа тепкенге ылайыгы жок кууш жана тик жерде машыккан Элайым жакында эл аралык мелдешке катышуу үчүн даярданууда.