Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:58

Баткен: 600 бала оор шартта жашайт


Баткен.
Баткен.

Баткен облусунда турмуштук шарты оор абалда жашаган 600 бала, ата-энеси эмгек миграциясында жүргөн 14703 бала бар. Өспүрүмдөргө карата 55 кылмыш фактысы катталган. Мындай маалымат Баткен облустук бийлигинин 2019-жылдын жыйынтыгын чыгарган координациялык кеңешмесинде айтылды.

Кеңешмеде балдарга карата ырайымсыз мамилеге, зордук-зомбулукка, укук бузууга байланышкан маселелер талкууланды. Ага облустук жана жергиликтүү бийлик органдарынын бардык тиешелүү жетекчилери жана диний ишмерлер катышты.

Кеңешме балдардын саламаттыгына, жашоо шартына, коопсуздугуна көз салыш үчүн үймө-үй кыдырып, балдардын маалыматтык базасын түзүүнү, ар кандай тобокелчиликтердин алдын алууну жана ата-энелердин жоопкерчилигин түшүндүрүүнү тиешелүү органдарга тапшырды. (JsA)

XS
SM
MD
LG