Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:24

Өзбекстанда Маале жана үй-бүлө министрлиги түзүлөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстанда Маале жана үй-бүлө министрлиги түзүлгөнү калды. Бул тууралуу 12-февралда маалелерди жакшыртуу маселелерине арналган, президент Шавкат Мирзиёев да катышкан видеоконференция учурунда маалым болду.

Ага ылайык, жаңы министрлик Аялдар кеңешинин, Жарандарды башкаруу органдарынын ишин координациялоо боюнча республикалык кеңештин жана «Нуроний» фондунун ордуна түзүлөт. Жаңы мекеме маалелердин 40 миңден ашуун кызматкерлеринин жана республикалык деңгээлдеги мекемелердин башын бириктирет.

Буга байланыштуу маале жана үй-бүлө маселелери боюнча Каракалпакстан Республикасынын Министрлер Кеңешинин, Ташкент шаарынын, облустардын жана райондордун башчыларынын орун басарлары пайда болот.

Маале жана үй-бүлө министрлиги Ички иштер министрлиги менен тыгыз иштешет. Бирок эркин байкоочулар Өзбекстанда аткаруу бийлигинин ыйгарым укугу ашкере кеңейип баратканын айтып жүрүшөт.

XS
SM
MD
LG