Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:05

Кытайда бир күндө коронавирустан 243 киши өлдү


Хубэй провинциясынын Ухань шаарындагы бейтапкана.
Хубэй провинциясынын Ухань шаарындагы бейтапкана.

Кытайдын Хубэй провинциясында бир күн ичинде өпкөнү сезгенткен коронавирустан 243 киши каза тапты. Натыйжада дабасы табыла элек бул илдеттен көз жумгандардын саны 1355 кишиге жетти. Өлкө аймагында вирусту жугузуп алгандардын саны 60 миң адамга чукулдады.

Кытай бийлиги инфекцияга кабылгандарды аныкташ үчүн жаңы ыкманы колдоно баштаганын, ушундан улам 13-февралга карата коронавирусту жугузгандардын саны кескин көбөйгөнүн маалымдады. Бирок бул кабар вирустун чыныгы масштабы тууралуу тынчсызданууларга себеп болду.

Жаңы статистика жарыялангандан көп өтпөй вирус биринчи катталган Хубэй провинциясынын эки жогорку жетекчиси кызматтан алынды. Апта башында да Кытайдын саламаттык сактоо тармагына жооптуу бир катар аткаминерлер иштен айдалганы кабарланган.

Кытайдан башка дүйнөнүн 30 аймагында кеминде 565 кишиде вирус аныкталды. Гонконг менен Филиппинде бирден бейтап илдеттен көз жумду. Жапониянын Йокохама портунда карантинге алынган круиздик кеменин бери дегенде 218 жүргүнчүсү вирусту жугузганы ырасталды.

XS
SM
MD
LG