Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:16

Жамбыл облусунун, Кордай районунун жетекчилери иштен алынды


Кордайдагы коопсуздукка көз салган полициянын атайын тобу.
Кордайдагы коопсуздукка көз салган полициянын атайын тобу.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев улут аралык жаңжал чыккан Жамбыл облусунун губернаторун баш кылып, бир катар жергиликтүү жетекчилерди иштен алуу жөнүндө буйрукка кол койду.

Казак бийлиги 7-8-февралда Кордай районунда 10 киши каза таап, ондогон адам жараат алган тополоңду иликтөө үчүн 25 кылмыш иши козголгонун билдирди.

Кордай районунун Масанчи, Аукатты жана Булан-Батыр айылдарындагы улут аралык тополоңдо 10 адам каза болгон. Дагы ондогон адам жараат алган. Президент Токаев мына ошол окуялардан кийин жаңжал чыккан аймактын жетекчилерин иштен алууну тапшырганын президенттин расмий сайты жарыялады.

- Жамбыл облусунун губернатору Аскар Мырзахметов, губернатордун орун басары Слушаш Курманбекова, Кордой районунун акими Ерлан Тургымбаев ээлеген кызматтарынан бошотулсун. Казакстандын ички иштер министри Жабыл аймактык полиция башчысы Арман Орозалиевди, Кордай райондук полиция башчысы Азамат Айкымбековду ээлеген кызматынан бошотсун.

8-февралга караган түнү Казакстандын Кордай районундагы Масанчи, Сортөбе, Каракемер айылдарындагы башаламандыктан 10 адам каза болуп, ондогон адам жараат алган. 30дан көп турак жай, 15 соода түйүнү, 23 машине талкаланган же өрттөнгөн.

Тополоң чыккан бул айылдар Токмок шаарына тушташ, Чу дарыясынын аркы өйүзүндө жайгашкан. Зомбулуктан улам миңдеген киши Кыргызстанга качкан. Кыргыз расмий органдары 4 жарым миңдей киши чек арадан өтүп келгенин маалымдаган. (YI)

XS
SM
MD
LG