Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ат-Башыда логистикалык борбор салууга жергиликтүү эл каршы эмес деп эсептейт. Бул тууралуу ал 5-февралда парламентте сүйлөп жатып айтты.
Өкмөт башчы белгилегендей, учурда жумушка орношууну каалагандар кезекке туруп, жазылып жатышат.
«Салынбаса деген кызыкчылыктагы жактар бар. Көпчүлүк, жаштар «бизге жумуш орундарын ушул жерден түзүп берсеңер» деп айтып жатышат. Менин оюмча социалдык тармактардагы 20-30 киши элдин баарын дүрбөтүп, коомдо пикир пайда кылайын деген ойдо. Бирок бизге жеткен маалымат боюнча элдин баары күтүп жатат. Ким куруучу, ким электрик же кароолчу болорун айтып, Ат-Башы акимчилигинде жазылып жатышат», - деди ал.
Ат-Башыдагы чек арага жакын аймакта борбор куруу долбоорун ишке ашыруучу «Ат-Башы Кыргыз-Кытай эркин соода аймагы» ишканасына кытайлык Лю Ин жана кыргызстандык Эмилбек Абдыкадыров ээлик кылат. Кыргыз ишкеринин айтымында, логистикалык борборду салыш үчүн Лю Ин 280 миллион доллар каражатты түз инвестиция кылат. Башкача айтканда, мамлекеттен эч кандай кепилдик келишимдери жок.
Курулушка каршы болгондор логистикалык борбор үчүн ижарага берилген жер кийин Кытайга өтүп кетет деп чочулашат.
2000-жылдардын башынан бери эле жергиликтүү бийлик Ат-Башыга соода терминалы салынарын билдирип, инвестор издеп келет.
Жыл башынан бери Нарында жаңы курулушка каршы бир нече жыйын, митинг өттү. (RK)