Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:49

Ала-Бука: Таш-Арыктагы чек ара талашы чечиле элек


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ала-Бука районунун Көк-Серек айыл өкмөтүнүн Таш-Арык айылында Өзбекстан менен чектеш аймактагы суу талаш жана көчөнү жарыктандыруу маселелери чечиле элек. Райондун акими Эмилбек Абдыкадыров «Азаттыкка» билдиргендей, өзбек тарап менен бүгүнкүгө белгиленген эки тараптуу жолугушуу белгисиз мөөнөткө жылдырылды.

«Таш-Арык айылындагы көчөнү жарыктандырыш үчүн электр мамычалары орнотулуп, ага электр линиясын тартууга өзбек тарап каршылык көрсөтүп жатат. Анткени өзбек тарап 10 мамычаны 2 метр артка жылдырууну талап кылып жатат. Ошол эле кезде коңшу өлкөдөгүлөр ушул айылдан суу алып, алыш бузулган учурда агын сууну буруш үчүн келип турушат. Учурда биз аларга үзгүлтүксүз суу берүү жөнүндө айтып, жарыктандырууга макулдук берүүнү сүйлөшүп жатабыз. Жергиликтүү тургундар "бүгүн кайрадан суу берүүнү токтотобуз" деп жатышат», - деди Абдыкадыров.

Маалыматтарга караганда 30-январда Таш-Арык айылындагы такталбаган аймакка суу бурууга келген өзбек чек арачылары менен жергиликтүү тургундардын ортосунда пикир келишпестик чыккан. Аймакта 100 гектардай жер учурда такталбаган участоктордун катарына кирет.

Өзбек тарап маалымат тарата элек. Жалал-Абад облусунун аймагында кыргыз-өзбек чегинде такталбаган алты участок бар. Алардын төртөө Ала-Бука районунда жана экөө Аксыда. Жалпысынан облуста 19 600 гектардан ашык жер талаштуу болуп турат. (RsK)

XS
SM
MD
LG