Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:26

Ухандан кайткан кыргыз жарандары


Кыргызстан 2-февралда Кытайдын Ухань шаарындагы 18 жаранын алып келди. Алар 14 күн коронавируска каршы атайын даярдалган ооруканада болушат.

Коронавирустун очогу болгон Кытайдын Ухань шаарынан Бишкекке казак тараптын жардамы менен атайын бортто Нур-Султан шаары аркылуу жеткирилген кыргызстандык жарандардын саламаттыгы жакшы. Алгачкы текшерүүдө алардан оорунун белгилери байкалган жок, ошентсе да 14 күндүк инкубациялык мөөнөт учурунда изоляцияда болушат.

Кытайдан келген кыргыз жарандарынын арасынан аларды жайгаштырган жердин шарты начар экенин айткандар да болду:

- Аэропортто дарыгерлерди эки саат күтүп отурдук. Бул жак аябай суук экен, үстүбүздүн жукалыгын көрүп туруп, эшиктин жанынан жылбай отургула деп, эшикти ачып коюшту. Сокулуктагы жугуштуу ооруларды дарылоо ооруканасынын жылуулугу өтө начар экен. Биз Кытайдан соо келип, бул жактан ооруп калдык, - деди атын атагысы келбеген, Кытайдан келген кыргызстандык жаран.


Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин башчысы Абдыкадыр Жороев өкмөт вируска каршы толук күрөшө аларын белгиледи. Ал үчүн коронавируска шектүүлөрдү текшерүү үчүн Бишкектин четиндеги аскердик госпиталдан 400 орун камдап коюшкан экен. Абдыкадыр Жороев Кытайдан келген жарандар жайгаштырылган жайлардын сапаты начар дегенге кошулбайт:

- Бүгүнкү күндө Кыргызстанда эпидемиологиялык абал туруктуу. Саламаттык сактоо министрлиги вирусту алдын алуу үчүн толук даярдыкты көрүп жатат. Аталган ооруга байланыштуу бардык региондорго да тийиштүү бөлүмдөр ачылды. Госпиталдарда биринчи кезекте техникалык жөнгө салуу, санитардык жана гигеналык шарттары талапка жооп берет. Бөлмөлөрдүн ичи жылуу, эч кандай расмий арыздар түшө элек.

Абдыкадыр Жороев мындан сырткары 28-январдан 3-февралга чейин Кытайдан Кыргызстанга 250 киши келгенин айтты. Анын ичинен 24ү Кытайдын, бирөө башка мамлекеттин, калгандары Кыргызстандын жарандары. Ал эми Кытай жарандарынан оорунун эч кандай белгилери табылган эмес. Ошондуктан үйлөрүнө жиберилген, бирок дарыгерлердин көзөмөлүндө турушат.

- Расмий маалымат боюнча Кыргызстанга 24 кытай жараны келип түшкөн. Булардын арасынан жаңы типтеги коронавирустун белгилери байкалган жок. Учурда алар үйлөрүндө, бирок Саламаттык сактоо министрлиги аталган адамдарды тыкыр көзөмөлдөп жатат.


Ушул тапта Кытайдан келгендердин ичинен Сокулук районунун ооруканасында үч, Беш-Күңгөй айылындагы аскердик госпиталда 22 киши жатат. Баарынын абалы канааттандырарлык. Калган 189 киши Кыргызстандын аймагына коронавирустун киришинин алдын алуу боюнча республикалык штабдын чечими менен үйлөрүнө чыгарылды.

Ошол эле кезде Кытайдагы коронавирустун жайылуу коркунучуна байланышкан коомчулуктагы кээ бир дүрбөлөңдөн улам Бишкектеги бир катар дарыканаларда медициналык беткаптардын баасы көтөрүлүп, ал тургай айрымдарында калбай калган. Мындай маалыматты борбордогу ооруканалардын биринде дары-дармек саткан Лира Момоконова билдирди:

- Бүгүн 1500 бет кап алып келдик. ​Мурун 5 сомдон сатсак, азыр 10 сомдон берип жатабыз. Анткени фирмалар кымбат алып келип жатат.


Ал арада Кыргызстан коронавируска байланыштуу Кытай менен чектешкен мамлекеттик чек араны убактылуу жаап, аба каттамдарын токтотту. Кыргызстандын аймагына коронавирустун киришинин алдын алуу жана анын жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штаб 1-февралда ушундай чечим кабыл алды. Кытай Кыргызстандын негизги соода өнөктөшү болгондуктан чек аранын жабылышы кийим-кечелер менен курулуш материалдарынын бааларынын кымбатташына алып келиши мүмкүн. Бул боюнча “Жаш ишкерлер ассоциациясынын” аткаруучу директору Фархат Такыров билдирди.

- Бул көрүнүш Кыргызстандагы товарлардын кымбатташына алып келет. Мындай тажрыйбаны кыргыз-казак чек арасындагы көрүнүштөрдөн деле байкап жүрбөйбүзбү. Деген менен олуттуу маселе деле күтүлбөйт деп ойлойм. Себеби акыркы учурда кыргыз ишкерлери өздөрүнүн соода өнөктөштөрүн ошол эле Чехия, Польша сыяктуу өлкөлөрдөн табышкан. Демек Кытайга деле муктаждык көп эмес.

Кытайдын Ухань шаарынан тараган өпкөнүн сезгенишине алып келчү жаңы коронавирустан үч жүздөн ашуун адам өлүп, вирусту жугузгандардын саны 15 миңге чукулдады. Вирус Кытайдан башка мамлекеттерге да тез тарап жатат. Соңку эки күндө Орусияда, Улуу Британияда жана Швецияда вирусту жугузган адамдар катталды. Коронавирустун жайылышынын алдын алыш үчүн АКШ жана Австралия соңку эки аптада Кытайда болгон адамдардын өлкөгө киришине убактылуу тыюу салды.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 1-февралда билдирүү таратып, бардык мамлекеттерди жер-жерлерде коронавирустун жайылышына даяр болууга чакырган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG