Улуттук статистика комитети акыркы жылдары Кыргызстандын айыл чарба тармагында жылыш болбогонун, тескерисинче тармак кедерине кеткенин билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, 2014-жылы айыл чарбасынын ички дүң өнүмдөгү үлүшү 14,7% болчу. 2018-жылы бул көрсөткүч 11,7% чейин кемиди.
2018-жылы өсүмдүк өстүрүүнүн көлөмү 2017-жылга салыштырмалуу 108,2 миллиард сомдон 100,5 миллиард сомго чейин же 7,7% азайган. Анын ичинен картөшкө өндүрүү 29%, жашылча 17,8%, бакча жемиштерин өндүрүү 6,1% жана жүзүм өндүрүү 8,8% азайган.
2018-жылы айыл чарба тармагына негизги салымды Чүй облусу кошкон (25,4%), калгандары Ош (20,1%), Жалал-Абад (19,9%), Ысык-Көл (11,1%) жана Талас (8,5%) облустарынын чарбаларына туура келди.
Кыргызстан агрардык өлкө болуп эсептелет, калктын үчтөн экиси же 66% айыл жерлеринде жашайт. Бирок акыркы жылдары республиканын айыл чарбасында иштегендердин үлүшү азайып кеткен. (BTo)
Айыл чарбасында иштеген калктын үлүшү
(экономикада иштегендердин жалпы санына карата, пайыз менен)