Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:23

Британия Евробиримдиктен чыгууда


Брюссел. 30-январь, 2020-жыл.
Брюссел. 30-январь, 2020-жыл.

1-февралга караган түнү Британия Европа Биримдигиндеги мүчөлүгүн токтотот. Эми Лондон менен Брюсселдин келечектеги алакасы кандай болору алдыдагы 11 айда чечилмекчи.

Жума күнү Европа парламентиндеги британ депутаттары жумуш орундарын бошотуп беришти.

Еврошаркетке 47 жыл мүчө болгон Британия бул уюмдан бөлүнүп чыккан алгачкы мамлекет болмокчу. 11 айлык өткөөл мезгил ичинде Британияда Евробиримдиктин көп мыйзамдары иштей берет. Маселен, эки тараптын жарандары мурдагыдай эле тоскоолдуксуз эки жакка каттай алышат.

Бирок 2020-жылдын декабрь айына чейин Лондон менен Брюссел эки тараптын карым-катышы, анын ичинде соода-экономикалык алакасы боюнча туруктуу келишимге кол коюшу зарыл. Эксперттер убакыттын аздыгын, бул мөөнөт ичинде Британия менен биримдик ортосунда чечиши керек болгон бир топ маселелери бар экенин белгилеп жатышат.

2016-жылдын 23-июнунда өткөн референдумда британ шайлоочуларынын 52% Евробиримдиктен бөлүнүүнү колдогон.

Брекзиттен улам эки премьер-министр, тактап айтканда референдум өткөрүү демилгесин алгач көтөргөн Дэвид Кэмерон, андан кийин биримдик менен келишимин парламенттен бир нече жолу өткөрө албаган Тереза Мэй кызматтан кеткен. Британиянын экономикасы солгундап, улуттук валюта - фунт стерлингдин куну качты.

Брекзит жараяны британдарды эки жаатка бөлүп койду.

XS
SM
MD
LG