Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:29

Ара төрөлүп көзү көрбөй калган ымыркайлар


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда ара төрөлгөн балдардын көзүн дарылап, текшере турган жабдуу жана кесипкөй адистер жок. Ушундан улам салмагы 1 килограммга жетпей төрөлгөн балдарда көздүн чел кабыгы өспөй, көздөрү көрбөй майып болуп калып жатышат.

Бектурдун окуясы

2019-жылдын жай айларында Айнура Бишкектеги перинаталдык борбордо айына жетпей 30 жумалык уул төрөгөн. Эки жума төрөт үйүндө жаткандан кийин ымыркайды дарыгерлер Эне-баланы коргоо боюнча улуттук борбордун жандандыруу бөлүмүнө которушкан. Бектур бул бөлүмдө бир ай жатканы менен анын көзүндөгү чел кабык «ретинопатия» аттуу ооруга чалдыкканын адистер айтышкан эмес.

«Буларда көзүнөн көп проблема чыгышы мүмкүн» деп бирөө да айткан эмес.

- Эки жумадан кийин эле бизди үйгө чыгарып, «салмак кошуп, торолушуңар керек» деп коюшту, - дейт баланын энеси. - Башка эч кандай эскертүү беришкен жок. Ара төрөлгөн балдардын көзүн сөзсүз түрдө окулистке текшертиш керек экен, бизге эч нерсе айтышпады. «Буларда көзүнөн көп проблема чыгышы мүмкүн» деп бирөө да айткан эмес. Уулум айына жетпей төрөлгөн балдарда кездешкен ретинопатия оорусуна чалдыгып, 4-5 даражасына өтүп кетиптир. Санкт-Петербургга барып операция жасаттык. Ошондо эле ооруканадан «окулистке көрүнгүлө» десе барат элек да. Баланын көзүндөгү оору күчөп кете электе алдын алмакпыз. Эми минтип көрбөй калып жатат. Бешинчи даражага чейин болот экен. Ага өтүп кетсе эле ымыркай көрбөй калат. Ушинтип ара төрөлгөндөргө көздөгү проблеманы ачык айтышпагандыктан, көбү көрбөй калып жатат. Алматыга адистерге барсак, алар таң калып жатышпайбы, «Кыргызстанда ретинопатияны аныктаган окулист жокпу?» деп.

Айнура уулунун тагдырына жаны ачып, коңшу Казакстанда ай-күнүнө жетпеген балдардын көзүн адистер дароо эле текшерип, лазердик коагуляция менен көздүн чел кабыгын калыбына келтиришерин айтып кейиди.

Берметтин тагдыры

Токмок шаарынын тургуну Жылдыз Джокаеванын небереси да 2019-жылы июлда ай-күнүнө жетпей төрөлгөн. Берметтин да окуясы Бектурдукуна окшош, бир нече жума Бишкектеги перинаталдык борбордо жаткандан кийин Эне-баланы коргоо боюнча улуттук борборго которулуп, бирок салмагы 1 килограммга толо электе эле бөлүм башчы тарабынан үйүнө чыгарылган.

Ага чейин анын да көзүн адистер текшерип, көйгөйү бар экенин ата-энесине айткан эмес. Убакыттан уттурган бул ымыркайдын көзүнүн чел кабыгы да жарабай, 5-даражадагы ретинопатия диагнозу кеч коюлуп, Алматыга, Орусиянын клиникаларына жүз миңдеген сом каражатын коротуп барганы менен азыр толук же жарым-жартылай көрүп кетүү мүмкүнчүлүгүнөн айрылды.

Жылдыз Джокаева небере кызынын майып болуп калганы үчүн Бишкектеги перинаталдык төрөт үйү менен Эне-баланы коргоо боюнча улуттук борбордун адистерин айыптады:

Техникалык аппараттар жетишпей жатканын да билебиз. Эми ушуга шылтап эле ымыркайлардын баарын майып кылып салышабы?

- Ара төрөлгөн балдардын баары ретинопатия оорусуна чалдыгуу коркунучунда. Оорукананын аты эле айтып турбайбы, «перинаталдык борбор» деп. Эмнеге ошол жактагы дарыгерлер балдарды дароо эле текшерип, алдын алышпайт? Анан Саламаттык сактоо министрлигинин да бул жакта күнөөсү чоң. Эмне үчүн бир да төрөт үйүндө жада калса жарым ставка менен иштеген окулист адис жок? Эгерде мындай дарыгер болгондо эрте эле диагноз коюлмак да! Министрлик эми «жаңы перинаталдык борбор курулуп жатат, азыр жетишпей жатабыз» деп көп шылтоону айтып жатпайбы. «Жабдуу болбогондуктан, бизде ушундай проблема болуп жатат» дебедиби. Муну айтып келе жатышканына көп эле жыл болду. Техникалык аппараттар жетишпей жатканын да билебиз. Эми ушуга шылтап эле ымыркайлардын баарын майып кылып салышабы? Адам баласы маалыматтын 99% көз аркылуу алат. Анан бейкүнөө балдар жалаң ушул дарыгерлердин, министрликтин шалаакалыгынын, сабатсыздыгынын айынан сокур болуп, өмүр бою майыптыкка чалдыгып калып жатпайбы...

Эрте диагноз коюу жок

Ара төрөлгөн балдардын ретинопатиясы көз оорулардын эң оор түрү болуп саналат. Көбүнчө салмагы 1 килограммга жетпей төрөлгөн ымыркайларда кездешет. Мындай балдар ар бир төрөлгөн 1 миллион балага бирөө туура келиши мүмкүн. Ымыркайдын көзүнүн чел кабыгын ак айнекче каптап калат. Андыктан бул оорунун алдын алуунун жалгыз жолу - эрте диагноз коюу. Түйүлдүктүн көрүү жөндөмү, көзүнүн чел кабыгы толук калыптана электе төрөлсө ага сырттагы ар түрдүү нурлар тескери таасирин тийгизип, жарыктын айынан сокур болуп калышы толук ыктымал. Ушундан улам кувезде жаткан маалда ымыркайды караңгы кылып жаап, көзүнө жарык тийгизбеш керек.

Эне-баланы коргоо боюнча улуттук борбордун директору Камчыбек Узакбаев 2018-2019-жылдары ара төрөлүп, салмагы 500 граммдан жогору болгон ымыркайлар көп катталгандыктан, көздүн ретинопатиясына чалдыккандар арбыганын билдирди. Ал жогоруда эки эне айткан дооматтарга макул болуп, Кыргызстан боюнча ара төрөлгөн балдардын көзүн текшерип, так диагноз койчу жабдуу жана алардын чел кабыгына лазердик операция жасоочу жабдуу жок экенин ырастады:

Камчыбек Узакбаев.
Камчыбек Узакбаев.

- Кийинки убакта бир килограммдан салмагы аз төрөлгөн балдарды чоңойтууга мүмкүн болуп калбадыбы. Анан аларды багууда дагы бир чоң маселе чыгып жатат. Алардын көзү өрчүп төрөлбөгөндүктөн, ретинопатия деген ооруга чалдыгышууда. Кыргызстанда айына жетпей төрөлгөн балдардын 4% ушул дартка чалдыгышып, көздөрү көрбөй, майып болуп калып жатышат. Ымыркайларды маалында дарылабаса көзүнүн чел кабыгы жарабай калып, айла жок операцияга жиберип жатабыз. Бул оорунун алдын алыш үчүн бизге заманбап жабдуу керек. Биз азыр Германиянын перинаталдык саламаттыкты колдоо программасынан акча сурап жаздык. «Дал ушул ара төрөлгөн балдардын көзүн дароо текшерип, аныктоочу жабдууну алып бергиле» деп суранып жатабыз. Азырынча жооп күтүүдөбүз. Анын баасы болжол менен 10-15 миң доллардай. Мындай диагноз коё турган жабдуу Кыргызстан боюнча жок. Азырынча эски жабдуулар менен текшерип жатабыз.

Узакбаев жабдууну алгыча күтүп олтурбай, көзү начар наристелерди Алматыдагы казакстандык клиникаларга операцияга жиберип жатышканын кошумчалады. Бирок ал ара төрөлгөн, салмагы аз бала менен жолдо жүрүү кооптуу болгондуктан, алардын торолушун күткөндөн улам ара төрөлгөн балдардын 4% жабдуунун жоктугунан азиз болуп калып жатканын белгилейт.

Алматыдан арга издегендер

Алматыдагы Казакстандын Көз ооруларын дарылоо боюнча улуттук институтунун илимий кызматкери, офтальмолог-хирург Асел Шарипова 2017-жылдан бери айрым балдар Кыргызстандан барып, көзүндөгү ретинопатия оорусу 4-5 даражага чыгып, аргасыз аларды Орусиянын Петербург, Москва сыяктуу ири шаарларындагы клиникаларга жиберип жатышканын «Азаттыкка» айтып берди:

Негизи бул балдарды дарылоо өтө эле кыйын, биринчиден абдан кичинекей, ара төрөлгөн. Аларды ташуунун да өз жол-жобосу бар.

- Бизге кыргызстандык кичинекей бейтаптар 2017-жылдан бери кайрылып башташты. Тилекке каршы, алардын көбүнүн көзүндөгү ретинопатия лазердик операция жасалбай кала турган деңгээлге жеткенде араң келгендер болду. Ушундан улам аларга хирургиянын башка түрү зарыл болгондуктан, Орусиядагы кесиптештерибизге жиберүүгө аргасыз болдук. Мына, 2019-жылдан тартып эле силерде ымыркайлардын көзүн текшерип, ретинопатияны аныктап, өз маалында лазердик хирургияга жиберген бир адис чыкты. Былтыр биз ушул адистин жардамы менен 7-8 баланын көрүү жөндөмүн сактап, лазердик операция жасадык. Негизи бул балдарды дарылоо өтө эле кыйын, биринчиден абдан кичинекей, ара төрөлгөн. Аларды ташуунун да өз жол-жобосу бар. Ымыркайдын баарын эле бул жакка жиберүү мүмкүн эмес. Кыргызстанда жабдуу жок болсо, атайын окутулган адистер болбосо, анан эмне кылышат? Диагнозун аныктай турган атайын жабдуу керек. Силерде азырынча биздегидей лазердик операция кылган жабдуу жок, адистер анан кантип ымыркайдын оорусун аныктап дарыламак эле? Казакстан боюнча 30дай дарыгер ретинопатияны аныктоону үйрөнгөн. 2019-жылы Алматы боюнча ара төрөлүп, көзү көрбөй калган бир да бала болгон жок.

Казакстанда ымыркайлардагы бул ооруну дарылаш үчүн атайын клиникалык протоколдор, жетиштүү диагностикалык, лазердик операция жасоочу жабдуу толук камтылган. Кыргызстандагы неанатолог-педиатрлар эми араң ошондой жабдуу алыш үчүн тендерге грант жазышты. Ал арада балдарынын көздөрү көрбөй калган ата-энелер жүз миңдеген каражатын коротуп, чүрпөлөрүнүн көзүн ачыш үчүн Казакстан менен Орусиянын ири клиникаларындагы кымбат операцияларга барууга аргасыз.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG