Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:35

Орусияда журналистке каршы чагым уюштургандар кармалды


Иван Голунов тергөө абагынан чыккан учур. 11-июнь, 2019-жыл.
Иван Голунов тергөө абагынан чыккан учур. 11-июнь, 2019-жыл.

Орусияда журналист Иван Голуновдун иши боюнча Москва шаардык полициясынын баңгизат соодасына каршы күрөшкөн мурдагы беш кызматкери кармалды. Тергөө комитети алар учурда сурак берип жатышканын билдирди.

«Медуза» интернет-басылмасынын журналисти Иван Голунов өткөн жылдын 6-июнунда Москванын чок ортосунда кармалган. Полиция аны тинткен учурда баштыгынан да, үйүнөн да баңгизат табылганын билдирген.

Голунов ага атайын баңгизат салып коюшканын айтса, кесиптештери, укук коргоочулар бул журналисттин көмүскө бизнес менен коррупцияны иликтеген ишмердигине байланыштуу экенин белгилешкен.

Кармоого байланыштуу Москвада жана башка шаарларда жапырт нааразылык акциялары өткөн. Ушундан соң Голунов коё берилип, ага карата кылмыш иши жабылган. Териштирүү жүрүп, өлкө президенти полициянын эки генералын кызматтан алган. Бир нече полиция кызматкери жумушунан айрылган.

Бирок Голунов тарап полиция өкүлдөрүн жазалоону, аларга тапшырма бергендерди ачыкка чыгарууну талап кылып келген.

XS
SM
MD
LG