Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:44

Арапбаев: ЕАЭБде 4-5 мафиоздук орган иштеп жатат


Азамат Арапбаев.
Азамат Арапбаев.

Жогорку Кеңештин депутаты Азамат Арапбаев кыргыз ишкерлери жүк ташууда Казакстандын Салык инспециясы менен Чек ара кызматы тарабынан тоскоолдуктарга учурап жатканын айтып чыкты. Эл өкүлүнүн айтымында, коңшу өлкөнүн текшерүү органдары жүк өткөрүш үчүн акча доолап жатат.

- Бүт күч-аракетибизди Казакстандын Салык инспециясы менен Чек ара кызматын байытууга жумшап жатабыз, - деди ал. - Кыргыз ишкерлери өз товарларын ЕАЭБ өлкөлөрүнө жөнөтүш үчүн ошол жерде товарына карап 500дөн 5000 долларга чейин берип атышат. Башында «ЕАЭБде 180 млн. рынок ачылат» деп айтылган, азыр тескерисинче 4-5 мафиоздук органга иштеп жатат.

Кыргыз өкмөтү 30-31-январь күндөрү Кыргызстан менен Казакстандын өкмөт мүчөлөрү Алматы шаарына чогулуп, эки өлкөнүн чек арасынан жүк алып кирүү маселесин талдашарын билдирген. Жолугушууда кыргыз тарап Казакстандын бийлиги Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) жоболорунан тышкары, чек арадан жүк алып кирүүгө коюп жаткан тоскоолдуктар тууралуу түшүндүрмө беришин талап кылмакчы.

Жыл жаңыргандан көп өтпөй, Казакстан Кыргызстандан кирип жаткан жүккө кошумча талап койгондуктан өткөрмө бекеттеринде жүк ташуучу автоунаалардын тыгыны пайда болгон. Буга байланыштуу кыргыз өкмөтү тынчсыздануусун билдирип, казак тараптын чек ара аркылуу товар жана жүк алып өтүүдөгү кошумча текшерүү киргизиши ЕАЭБдин нормаларына каршы келерин эскертип, ЕАЭБдеги милдеттерди аткарууга чакырган.

Ал эми Казакстандын Киреше боюнча мамлекеттик комитетинин расмий өкүлү Олжас Отар басылган пломбалары бузулбаган жана документтери туура жүк ташуучулар чек арадан тоскоолдуксуз эле өтүп жатканын маалымдаган. (TSh)

XS
SM
MD
LG