25-январда түнкүсүн Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт. Күндүз кар кээ бир аймактарда жаайт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши ыктымал.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн -2…-7, күндүз 1…6;
Таласта түнкүсүн -4…-9, күндүз 1…6;
Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн -1…-6, күндүз 2…7;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -3…-8, күндүз -2…+3;
Нарында түнкүсүн -20…-25, күндүз -6…-11;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -23…-28, күндүз -9…-14 градус болот.
Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -5…-7, күндүз 4...6 градус болот.