Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:31

Экс-мэрлердин адвокаты жогорку сот инстанциясына кайрылат


Кубанычбек Кулматов жана Албек Ибраимов. Коллаж.
Кубанычбек Кулматов жана Албек Ибраимов. Коллаж.

Бишкек шаарынын экс-мэрлери Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматовго карата Ленин райондук сотунун чечимин боюнча апелляциялык арыз берилди. Бул тууралуу алардын адвокаты Сергей Слесарев журналисттерге билдирди. Анын айтымында, жактоочулар да, айыпталгандар да сот чечими менен макул эмес.

23-декабрда Бишкектин Ленин райондук соту мурдагы мэрлер Албек Ибраимовго жана Кубанычбек Кулматовго өкүм чыгарган. Ага ылайык, Албек Ибраимов 15 жылга кесилип, Кубанычбек Кулматов 5 миллион сом айып пул төлөөгө милдеттендирилип, абактан бошотулган.

Мамлекеттик айыптоо Ибраимовду 20, Кулматовду 15 жылга кесүүнү суранган.

Экөө тең 2018-жылдын жайынан бери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурган. Алар күнөөсү жок экенин айтып, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге жакын мамиледе болгону үчүн саясий куугунтукка кабылганын айтып жүрүшөт.(ZKo)

XS
SM
MD
LG