Өзбекстандын Дин иштери боюнча комитети өлкөнүн ичинде таратып-жайылтууга тыюу салынган диний китептердин, материалдардын, сайттардын жана экстремисттик-террорчу деп тапкан уюмдардын жаңыртылган тизмесин бекитти.
«Азаттыктын» өзбек кызматынын колуна тийген, 40 барактан турган тизменин теңинен көбүн диний үгүт-насаат, Ташкент диний экстремист, радикал жана террорчу деп тапкан топтордун жана уюмдардын социалдык тармактардагы баракчалары түзөт.
Тизмеде «Хизб ут-Тахрир» уюму, «Нуржулар», «Акрамиттер» коому, «Нусафарадийя», «Катиба Таухид валь-Жихад», «Жабхат ан-нусра», «Таблиги жамаат» кыймылдары бар. Ошондой эле Сириядагы согуш тууралуу даярдалган видео материалдар, жазуучу-диссидент Нурилло Отахановдун (Нурулло Мухаммад Рауфхон) «Бул күндөр» китеби, Өзбекстандан мындан эки жыл мурун чыгып кеткен имам Фазлиддин Парпиевдин президент Шавкат Мирзиёевге жиберген видео кайрылуусу да кирген.
Документте Швециядан башпаанек алышкан Каракалпакстандын имамы Мухаммадасолих Абутов менен намангандык имам Обидхон-кори Назаров, Кыргызстандын Ош облусундагы Кара-Суу районунда имам болгон Рашод Камолов менен анын маркум атасы, диний аалым Мухаммадрафик Камолов да бар. Андан сырткары 1994-жылы Ташкент аэропортунда ың-жыңсыз жоголгон анжияндык имам Абдували Мирзаевдин да аты жүрөт.
Документте бул тизме маал-маалы менен жаңыртылып турары белгиленген.
Рашод Камолов 2015-жылы Кара-Суу шаарындагы «Ас-Сарахси» мечитинде имам болуп жүргөндө камакка алынган. Ошол жылы Ош шаардык соту аны 10 жылга эркинен ажыраткан. Камоловго «экстремизмге чакырган», «халифат курууга аракет кылган» жана «Сирияга адамдарды жөнөткөн» деген айып коюлган. Ал өзү күнөөсүн мойнуна алган эмес.