Армениянын Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы төргасы Георгий Кутояндын сөөгү 17-январда өзүнүн Еревандагы батиринен табылды. Тергөө комитетитин маалымат кызматы ага ок тийгенин билдирди.
Азырынча окуя тууралуу мындан башка маалымат бериле элек.
Георгий Кутоян 38 жашта болчу, ал Улуттук коопсуздук кызматын 2016-2018-жылдары жетектеген.