Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:31

Бүгүн чек арадагы кырдаал боюнча координациялык кеңешме өтөт


Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен. 15-январь, 2020-жыл.
Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен. 15-январь, 2020-жыл.

16-январда Баткен шаарында вице-премьер-министр Жеңиш Разаков чек ара маселелери тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК), Мамлекеттик чек ара кызматынын, Ички иштер министрлигинин, Баткен облусунун жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилеринин катышуусунда координациялык кеңешме өткөрөт.

Кеңешмеде коңшу өлкөгө чектеш жайгашкан аймакта коомдук коопсуздукту жана тартипти камсыз кылуу, облустун социалдык-экономикалык өнүгүшү боюнча маселелер талкууланат. Ошондой эле тажик тарап менен сүйлөшүү процесси боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, чек ара кызматташтыгын бекемдөө тууралуу маселелер каралат.

15-январда Бишкекте жана Баткенде чек ара маселесине байланыштуу митингдер өтүп, катышуучулар бийликке бир нече талап коюшту. Анын ичинде кыргыз-тажик чек арасы тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткан вице-премьер-министр Жеңиш Разаковду кызматтан кетирүү тууралуу талап да бар.

- Президент чек ара маселесин көтөрүп жер-жерден келген жарандарды кабыл алсын. Баткенде жалган жалаа менен кармалган төрт киши тез арада бошотулсун. Чек арага жакын жашаган элди коргоо үчүн элдик кошуундар түзүлсүн. Чек арачылар кошумча техника менен камсыздалып, саны көбөйтүлсүн. Дагы бир талабыбыз - вице-премьер-министр Жеңиш Разаков кызматтан кетсин, - деп билдирген «Чек ара» коомдук бирикмесинин өкүлү Бекназар Айталиев.

14-январда Баткен районунун Кызыл-Бел айылына чектеш Тажикстандын Гүлистон айылындагы «Гүлистон» чек ара бекетинде Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөт мүчөлөрүнүн сүйлөшүүсү өттү. Узакка созулган сүйлөшүүнүн жыйынтыгында эки тарап күн тартибиндеги алты маселени макулдашып, протоколго кол коюшту. Алардын бири - Кыргызстандын Баткен району менен Тажикстандын Исфара шаарынын ортосундагы бир нече жерден окшош жана аянты бирдей тилкелерди өз ара алмашуу.(ZKo)

XS
SM
MD
LG