Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:02

Назаров: электр энергиясы үчүн тариф көтөрүлбөйт


Айтмамат Назаров.
Айтмамат Назаров.

«Улуттук энергохолдинг» компаниясынын жетекчиси Айтмамат Назаров Кыргызстанда электр энергиясына болгон тариф жакын арада өзгөртүлбөй турганын айтты. Бул тууралуу ал 14-январда Бишкекте басма сөз жыйынында сүйлөп жатып билдирди.

Анын маалыматына караганда, жарык үчүн тариф акыркы жолу 2014-жылы өзгөргөн. Андан бери ошол бойдон сакталып келе жатат. Бирок ошол эле учурда ал өкмөт тарифти өзгөртүүнү чечсе «Улуттук энергохолдинг» аны аткарууга милдеттүү экенин кошумчалады.

- Тарифти жакын арада өзгөртөлү деген оюбузда жок. Акыркы алты жылда тариф өзгөрбөптүр. Бирок алты жылда канча пайыз инфляция болду? Жөнөкөй эле мисал келтирсек алты жыл мурда доллардын курсу канча эле, азыр канча? Мен тариф ошого жараша өзгөрүп турушу керек деген ойду айткым келип жатат. Бирок өкмөт калктын жашоо деңгээлин эске алып койгон. Ошол өзгөргөн жок. Эгерде өзгөрүү болсо биз мамлекеттик компания болгондон кийин аны аткарабыз, - деди Назаров.

Бүгүнкү күндө электр кубаты жеке жактар үчүн 700 кВт/саатка чейин 77 тыйындан, андан ашканы 2 сом 16 тыйындан, ал эми бийик тоолуу аймактар үчүн кышында 1000 кВт/саатка чейин 77 тыйындан, андан ашканы 2 сом 16 тыйындан берилет.

Өнөр жай, айыл чарба жана бюджеттик мекемелер 2 сом 24 тыйындан төлөйт. (BTo)

XS
SM
MD
LG