Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, Жаңы жыл түнү Кыргызстанда 261 ымыркай төрөлдү. Анын ичинен 133ү эркек бала, 128и кыз.
Бишкек шаарында 67 эне көз жарды. Бир эгиз балдар төрөлдү. Жарык дүйнөгө келген балдардын 34ү эркек, 34ү кыз.
Министрлик кабарлагандай, өлкө боюнча үч эгиз төрөлдү. Алар Бишкектеги Эне-баланы коргоо боюнча улуттук борбордо, Ош шаарында жана Ысык-Көл облусунда жарык дүйнөгө келишти.
Эң көп төрөт Жалал-Абад облусунда болуп, 80 наристе төрөлдү. (BTo)