Алматыдагы учак кырсыгы 12 өмүрдү жалмады
Алматы шаарынын жанына кулаган учактын ичинде 95 жүргүнчү жана экипаждын беш мүчөсү болгон. Казак бийлиги кырсыктан кеминде 12 адам каза тапканын кабарлады. 28-декабрь Казакстанда жалпы улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды. Жабыр тарткандардын арасында бир кыргыз жараны бар экени маалым болду.