Укук коргоочу Турсунбек Акун президент Сооронбай Жээнбековдун 25-декабрдагы пресс-конференциясын сындагандарга жооп берди. Турсунбек Акун басма сөз жыйынында президент журналисттердин суроолоруна чын жүрөктөн жооп бергенин белгилеп, өкмөт башчы кылган иштерди айтып бергенин туура деп эсептейт.
- Өкмөттө бир аз да болсо ишеним пайда болду. "Президент колдойт экен, кетпейт экенбиз" деди. Президент өкмөттү колдобосо, парламент өкмөттү кууп жибермек. Президент өкмөткө колдоо көрсөтүп, эриш-аркак иштешип жатса, анан өкмөттүн ишин айтат да.
Турсунбек Акун бажыдагы коррупция боюнча аты аталган адамдарды азыркы президентке жабыштыруу туура эмес экенин кошумчалады.
"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев президент Сооронбай Жээнбековдун 25-декабрдагы пресс-конференциясы жөнүндө "Азаттык" радиосу менен ой бөлүшүп, мамлекет башчыны Баш мыйзамды бузбоого чакырган. Ал президент өкмөт башчынын ыйгарым укуктарын өзүнө алды деп сындаган.
Мамлекет башчынын 2019-жылды жыйынтыктаган басма сөз жыйыны "Ала-Арча" резиденциясында өттү. Ага 90дон ашуун медиадан 188 кабарчы катышты. Бирок бир топ журналисттер суроо узатууга жетишпей калды.
Президент сот реформасы, коррупция, социалдык маселелер жана башка багыттагы суроолорго үч саат аралыгында жооп берди. (TSh)