Орусиядагы оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный өзү түзгөн фонддун кеңсесинде жүргүзүлгөн тинтүүдө кармалбаганын билдирди.
"Эч ким кармалган жок. Алар болгону мени сыртка сүйрөп чыгарып коюшту", - деп жазды Навальный "Твиттердеги" барагына.
Полиция 26-декабрда "Коррупцияга каршы күрөшүү фондунун" Москвадагы кеңсесинин эшигин талкалап кирип, тинтүү жүргүзө баштаган. Көп өтпөй фонддун өкүлдөрү Навальныйды кеңседен кармап кетишкенин билдирип чыгышкан эле.
Бул окуя боюнча полиция расмий маалымат бере элек. Навальный укук коргоо кызматкерлеринин рейдин орус премьер-министри Дмитрий Медведевдин байлыгын ашкерелеген иликтөөгө байланыштырды.
23-декабрда "Коррупцияга каршы күрөшүү фондунун" 23 жаштагы долбоор жетекчиси Руслан Шаведдиновду күч менен армияга алып кетишкен. Москванын аскердик комиссариаты аны орус баш калаасынан 5600 чакырым алыстыктагы, Түндүк муз океанындагы Жаңы-Жер аралдар тобунда жайгашкан абадан коргонуу бөлүгүнө жөнөткөнү белгилүү болду.