Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:15

"Чек арасыз кабарчылар" Жулиан Ассанжды бошотууга чакырды


"Чек арасыз кабарчылар" эл аралык укук коргоо уюму "WikiLeaks" сайтынын негиздөөчүсү, Британияда камакта отурган Жулиан Ассанжды бошотууга чакырды. Укук коргоочулар анын саламаттыгы начарлаганын негиз келтиришүүдө.

"Чек арасыз кабарчылар" АКШга кайрылып, Ассанжга коюлган "тыңчылык" деген айыпты алууну жана экстрадициядан баш тартууну сунуш кылууда.

Бир ай мурда дарыгерлер Ассанждын ден соолугунда олуттуу мандем бар экенин билдирген.

Ассанж 2010-жылы Пентагондун жана Мамлекеттик департаменттин жашыруун аскердик жана дипломатиялык документтерин ачыкка чыгарып салган.

Ассанж 2012-жылы аны «Зордуктоо» беренеси менен айыптап жаткан Швецияга экстрадиция болуудан качып, Эквадордун Лондондогу элчилигинде убактылуу башпаанек тапкан. 2019-жылдын апрелинде Эквадор ага башкалка берүүдөн баш тарткан соң британ полициясы Ассанжды камакка алган.

Австралиянын 49 жаштагы жараны аны күрөө менен бошотуу шарттарын бузганы үчүн Британиянын түрмөсүндө 50 жумалык камакта отурат. «Wikileaks» сайтынын негиздөөчүсүнө АКШда 17 айып коюлуп жатат.

XS
SM
MD
LG