Орусиядагы оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный түзгөн "Коррупцияга каршы күрөшүү фондунун" долбоор жетекчиси Руслан Шаведдиновду күч менен армияга алып кетишти. 23 жаштагы активист аскердик кызматты өтөө үчүн Арктикага жөнөтүлгөнүн фонддун басма сөз өкүлү жана Навальный өзү да ырастады.
"Путин мырза биздин Русланды обочодо кармоо тууралуу пландын долбоорун өзү түзгөн шекилдүү", - деп жазды Навальный "Твиттердеги" барагына.
Маалыматка ылайык, Шаведдиновду 23-декабрда Москвадагы батиринен кармап кетишкен. Көп өтпөй активист орус баш калаасынан 5600 чакырым алыстыктагы, Түндүк муз океанындагы Жаңы-Жер аралдар тобунда жайгашкан абадан коргонуу бөлүгүнө жөнөтүлгөн.
Москванын аскердик комиссариатынын жетекчи орун басары Максим Локтев Навальныйдын өнөктөшүнүн аскердик кызматка жөнөтүлгөнү мыйзамдуу болгонун билдирди. Анын айтымында, Руслан Шаведдинов 28-октябрда эле армияга чакырылган жана аны күч менен Арктикага жөнөтүүгө Москва шаардык сотунун активист "аскердик кызматка жарамдуу" деген бүтүмү себеп болгон.
Соттун 23-декабрда кабыл алынган мындай чечими боюнча активистке кабар берилгени же берилбегени азырынча так эмес. "Коррупцияга каршы күрөшүү фонду" Шаведдиновдун мажбурлоо жолу менен армияга жөнөтүлгөнү мыйзамсыз экенин билдирди.