Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:34

Бүгүн Болот Шамшиев жерге берилет


Белгилүү кинорежиссер Болот Шамшиев менен коштошуу жөрөлгөсү 24-декабрда саат 10до Опера жана балет театрында болот.

Таанымал кинорежиссер, Эл артисти Болот Шамшиев 21-декабрда дүйнөдөн кайткан.

Атактуу режиссер 1941-жылы 12-январда Фрунзе шаарында акын жана журналист Төлөн Шамшиевдин үй-бүлөсүндө төрөлгөн.

Орто мектепти аяктагандан кийин 1959-жылы Бүткүл союздук кинематография институтуна окууга өтүп, 1964-жылы окуу жайды аяктап кинорежиссер кесибине ээ болгон.

Кыргыз-совет кинорежиссеру, СССРдин Эл артисти Болот Шамшиев мамлекеттик жана коомдук ишмер катары да иштеп, 1985 - 1995-жылдары Жогорку Кеңештин эки жолку чакырылышынын депутаты болгон, 1998-жылы туризм жана спорт министри, кийин элчилик кызматты аркалаган.

Ал "Караш-Караш окуясы", "Ысык-Көлдүн кызгалдактары", "Ак кеме", "Сүйүү жаңырыгы", "Эрте келген турналар" жана башка көркөм тасмаларды тарткан. (TSh)

XS
SM
MD
LG